Loading...

Таласта көк бөрү боюнча жаштар арасындагы республикалык чемпионат өтөт

Талас облусундагы Райкан Алканов ат майданында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган көк бөрү боюнча жаштар арасындагы республикалык чемпионат өтөт.

 Мелдеш 15–18-сентябрь күндөрү уюштурулуп, ага 18 жаштан 22 жашка чейинки көк бөрүчүлөр катышат.

Чемпионатка өлкөнүн аймактарынан жана Бишкек шаарынан жалпы 7 команда катталды.

Мелдешке катыша турган командалар:

Ош облусу
Нарын облусу
Талас облусу
Ысык-Көл облусу
Чүй облусу
Жалал-Абад облусу
Бишкек шаары

Жаштар арасындагы чемпионатта командалар жеңиш үчүн ат салышып, мыкты көк бөрүчүлөр өздөрүнүн чеберчилигин көрсөтүшөт.

2026-09-14 15:30:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер