Таластагы Райкан Алканов ат майданында 18–22 жаштагы көк бөрүчүлөр арасындагы Кыргыз Республикасынын чемпиондугу башталды.
Мелдешке жалпы 7 команда катышууда. Чүчү кулактын жыйынтыгында командалар төмөнкүдөй тайпаларга бөлүнгөн:
А тайпасы:
Ысык-Көл облусу
Нарын облусу
Талас облусу
Бишкек шаары
В тайпасы:
Жалал-Абад облусу
Чүй облусу
Ош облусу
Тайпалык алгачкы оюндарда Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарынын командалары жеңишке жетишип, алгачкы упайларын камсыздашты.
Чемпионат 15–18-сентябрь күндөрү Райкан Алканов ат майданында өтөт.