Жаштар арасындагы Кыргыз Республикасынын чемпиондугунда финалчылар аныкталды.
Тайпалык баскычтагы оюндардын жыйынтыгында Чүй жана Талас облустарынын командалары өз тайпаларындагы атаандаштарын жеңип, финалга жолдомо алышты.
Ал эми Ысык-Көл жана Ош облустарынын командалары 3-орун үчүн күч сынашат.
Финалдык беттеш жана 3-орун үчүн оюн 18-сентябрда Таластагы Райкан Алканов ат майданында өтөт.