Талас облусундагы Райкан Алканов ат майданында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган жаштар арасындагы республикалык чемпионат жыйынтыкталды.
15–18-сентябрь күндөрү өткөн мелдешке 18–22 жаштагы көк бөрүчүлөр катышып, өлкөнүн аймактарынан жана Бишкек шаарынан жалпы 7 команда күч сынашты.
Чемпионаттын жыйынтыгында төмөнкү командалар байгелүү орундарга ээ болушту:
I орун — «Талас» жаштар курамасы — 500 000 сом
II орун — «Чүй» жаштар курамасы — 250 000 сом
III орун — «Ош» жаштар курамасы — 150 000 сом
IV орун — «Ысык-Көл» жаштар курамасы — 100 000 сом
Мелдештин жыйынтыгында мыкты оюнчулар жана адистер да атайын номинациялар менен сыйланышты.
«Мыкты аргымак» — Комсомол
«Мыкты оюнчу» — Абдисалам уулу Нурсейит
«Мыкты чабуулчу» — Анарбеков Айдаркан
«Мыкты коргоочу» — Төлөнов Эржан
«Мыкты жаш чабуулчу» — Орозбеков Даниэль
«Мыкты калыс» — Айдаралиев Ыйман
Чемпионат жаш көк бөрүчүлөрдүн тажрыйбасын арттырып, улуттук спорттун келечектеги муунун аныктоого багытталган маанилүү мелдештердин бири болду.