Көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилиги Ошто өтөт 21–25-октябрь күндөрү Ош шаарындагы Төлөйкөн ат майданында көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилиги өтөт.
Республикалык мелдешке өлкөнүн аймактарынан жалпы 6 команда катышары белгилүү болду.
Биринчиликке катышуучу командалар:
Ысык-Көл облусу
Талас облусу
Чүй облусу
Ош облусу
Баткен облусу
Ош шаары
Командалардын чүчү кулагы 20-октябрда тартылат.
Мелдештин жүрүшүн күйөрмандар УТРК Спорт жана ЭЛТР Ош телеканалдарынан түз эфирде көрө алышат.