Бүгүн, 21-октябрда, Ош шаарындагы Төлөйкөн ат майданында көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилиги башталды.
Мелдешке өлкөнүн аймактарынан жана Ош шаарынан жалпы 6 команда катышууда. Кечээ, 20-октябрда, командалардын чүчү кулагы тартылып, тайпалар төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн.
А тайпасы:
Ош шаары
Ош облусу
Талас облусу
В тайпасы:
Баткен облусу
Ысык-Көл облусу
Чүй облусу
Бүгүнкү тайпалык алгачкы оюндарда Ош облусу, Ош шаары, Ысык-Көл жана Баткен облустарынын командалары күч сынашты. Оюндардын жыйынтыгында Ош облусу жана Ысык-Көл облусунун командалары жеңишке жетишти.
Кыргыз Республикасынын биринчилиги 25-октябрга чейин уланат. Мелдештин оюндарын күйөрмандар УТРК Спорт жана ЭЛТР Ош телеканалдарынан түз эфирде көрө алышат.