Loading...

Көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилигинде Чүй облусу чемпион болду

Ош шаарындагы Төлөйкөн ат майданында өткөн көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилиги жыйынтыкталды.

Чемпиондук үчүн болгон финалдык беттеште Чүй облусунун курамасы Талас облусунун командасын 8:4 эсебинде жеңип, биринчиликтин алтын медалына ээ болду. Талас облусу күмүш медаль тагынды.

Ал эми 3-орун үчүн болгон беттеште Ош облусу Ысык-Көл облусун 9:5 эсебинде жеңип, коло медалга ээ болду.

Мелдештин жыйынтыгында байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

1-орун — Чүй облусу
2-орун — Талас облусу
3-орун — Ош облусу
4-орун — Ысык-Көл облусу

Турнирдин мыктылары:

  • Мыкты оюнчу — Бекболот уулу Исхак

  • Мыкты коргоочу — Бакытбек уулу Кутман

  • Мыкты чабуулчу — Акылбек уулу Байыш

  • Мыкты жаш оюнчу — Абдраимов Майрамбек

  • Мыкты аргымак — Байтору

  • Мыкты калыс — Айдаралиев Иман

 

2026-10-25 18:34:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер