Ак-Суу району жарым финалда. Төртүнчү жарым финалчыны аныктоо үчүн өз тайпасынан экинчи орунду ээлеген Ак-Суу району, Кара-Кулжа району, Ош шаары шаары, 3 команданын ортосунда оюндар жүрдү. Алгач Ак-Суу менен Кара-Кулжа кез келди. Оюн 4:4 эсебинде тең чыгуу менен аяктап, булитт 4:2 эсебинде Ак-Суунун пайдасына жыйынтыкталды.
Салым салган оюнчулар:
Ак-Суу
Жаныш Конушбаев 2 салым
Алмаз Корчуев 1 салым
Тогузтороев Эрмек 1 салым
Кара-Кулжа
Сейитказы уулу Айтмарек 2 салым
Рыскулов Актилек 1 салым
Бакытбек уулу Ыйман 1 салым
Экинчи оюн Ак-Суу менен Оштун ортосунда жүрүп, 6:2 эсебинде Ак-Суу жеңишке жетишти. Муну менен Ак-Суу жарым финалга жол алды.
Салым салган оюнчулар:
Ак-Суу
Жаныш Конушбаев 5 салым
Назим Азат уулу 1 салым
Ош шаары
Бекназар Кулмырза уулу 2 салым