Loading...

Жекеме-жеке боюнча IV республикалык чемпионат өттү

Бүгүн, 20-февралда "Аккула" ат майданында жекеме-жеке боюнча IV республикалык чемпиондук болуп өттү. Ага жалпысынан ар аймактан келген 40 оюнчу катышты. Атаандаштарынын арасынан суурулуп чыгып төмөнкү оюнчулар жеңүүчү аталды. 

1-орун Эрсултан Айдаркан уулу, Кортеж аргымагы менен - 50 миң сом;

2-орун Өмүрбек Эсен уулу, Аватар аргымагы менен - 30 миң сом;

3-орун Кубаныч Султан уулу, Коён аргымагы менен - 20 миң сом.

 

Белгилей кетсек, буга чейин жекеме-жеке боюнча 3 ирет республикалык деңгээлде турнир өткөн.  2023-жылдын 30-ноярында өткөн III Кыргыз Республикасынын ачык чемпионатында Кубаныч Султан уулу Коён аргымагы менен чемпион болсо, Сейитбек Анарбек уулу 2-орунду, Эрсултан Айдаркан уулу Кортеж аргымагы менен 3-орунду ээлеген эле.

 

2024-02-20 21:59:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер