Loading...

Республикалык райондор аралык чемпионат жыйынтыкталды

Бишкек шаарынын Ак-Кула ат майданында 17-22-февраль күндөрү райондор аралык Республикалык чемпионат болуп өттү. Ага жалпысынан 9 команда катышты: 

Ак-Суу району, Ысык-Көл облусу,

Ак-Талаа району, Нарын облусу,

Сокулук району, Чүй облусу,

Талас району, Талас облусу,

Сузак району, Жалал-Абад облусу,

Кара-Кулжа району, Ош облусу,

Лейлек району, Баткен облусу,

Четинди командасы, Бишкек шаары,

Ош шаары.

1-орун – Талас району 350 миң сом;

2-орун – Ак-Суу району 200 миң сом;

3-орун – Сокулук району 150 миң сом;

4-орун – Сузак району 70 миң сом;

Калган катышкан командаларга 40 миң сомдон тапшырылды.  

Мыкты көк бөрүчү – Майрамбек Рыспеков (Талас)

Мыкты жекеме-жекечи – Назим Азат уулу (Ак-Суу)

Белгилей кетсек Кыргызстандын райондор аралык чемпионаты биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Командаларды тандоо ар бир облустарда декабрь айынан бери жүрүп, өз облусунда жеңүүчү райондор Бишкек шаарында Кыргызстандын мыкты районун аныкташты.

2024-02-22 18:57:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер