Байыш Акматбек уулу
Туулган жылы: 28-ноябрь 1991-жыл
Туулган жери: Талас облусу, Кара буура району, Алымбаев айылы
Ийгилик командасын 2020-жылдын Октябрь айынан баштап 2023-жылдын аягына чейин жетектеди.
Байыш Акматбек уулу жаштайынан эле Көк бөрүгө кызыгып, аралашып чоңойгон. Кийинчерээк Ынтымак, Кара-Буура командаларына өзүнүн аттарын берип, колдоо көрсөтүп турган. 2020-жылы элдин суранычы менен Кара-Буура командасына жетекчи болуп шайланган.
Ал жетектеп турганда Команда 2 жолу (2021-жылы Нооруз турниринде жана 2023-жылы 9-май турниринде) биринчи лиганын чемпиону болушту.
Байыш мырзанын негизги максаты Кара-Буура районунун жаш улакчыларын жогорку деңгээлге алып чыгуу болгон. Командадагы жаш улакчылардын жарымы анын аттарын чаап (6-7 улакчыга өзүнүн аттарын берген), анын үйүндө машыгып, алар менен ага-инидей мамиле түзгөнгө жетишкен. Ал командага жаңы келгенде 4 район ичинде өтүүчү шерине улактарда Кара-Буура ири эсептер менен утулуп жургөн болсо, кийинчерээк облуста эң күчтүү деп эсептелген Талас районуна туруштук бере алган командага айланган.
Жаш улакчыларга үлгү болуп тажрыйбасы менен бөлүшсүн деп, командага Карыпбек Эшиев, Тилек Эсенбаев, Урмат Раушан уулу сыяктуу белгилүү улакчыларды кошкон. Азыркы учурда Ийгиликтин жаш оюнчулары такшалып Жогорку лиганын топ командаларында ойной турган деңгээлге чыкты.
2022-жылы Кара-Буура Ийгилик болуп өзгөргөн.
Жетишкендиктери:
2021-жыл 1-орун Нооруз турнири (Кара-Буура)
2022-жыл 2-орун Нооруз турнири (Ийгилик)
2023-жыл 3-орун Нооруз турнири (Ийгилик)
2023-жыл 1-орун 9-май турнири (Ийгилик)