Тыналиев Рустам

Туулган жылы : 07-07-1989

Тыналиев Рустам Амантаевич

Рустам Тыналиев 1989-жылдын 7-июлунда Суусамыр өрөөнүндө жарык дүйнөгө келген. Бою - 178 см. 

Позициясы - чабуулчу, коргоочу 

Жаш кезинен улакка кызыгып, 16 жашынан баштап Республикалык оюндарга катышып баштаган. Алгачкы болуп “Шоро Суусамыр” командасында 2006-жылы оюн көрсөтүп, жаш улакчынын кыймыл аракетине баа берген “Рассвет” командасы Тыналиевди өз катарына тарбиялоого алып кетет. 

2007-жылдан тарта “Рассвет-Кожомкул” командасында ойноп, калың элге тааныла баштайт. “Кожомкулдун” катарында клуб таркаганга чейин ойноп, 2013-жылдан баштап “Суусамыр” (Сары-Өзөн) командасынын катарын толуктайт.

2017-жылдан тарта “Сары-Өзөн” командасынын курамы “Биримдик Аю” командасына өтүп, алардын катарында Рустам Тыналиев дагы болгон. Бул клуб эки жылдан кийин кайрадан “Сары-Өзөн” болуп, Тыналиев бүгүнкү күнгө чейин аталган клубда ойноп келе жатат.

Рустам Тыналиев Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бардыгына катышып келе жаткан саналуу оюнчунун бири. ДКОнун алкагында Кыргызстан курама командасы менен Тыналиев бир дагы жеңилүү ызасын тарта элек.

2015-жылы Рустам Тыналиев Топ.kg спорт гезитинин жыйынтыгы менен “Кыргызстандын мыкты улакчысы” наамына татып Sports awards сыйлыгынын ээси болгон. Мындан башка бир нече жолу турнирлердин “мыкты оюнчусу” жана ал минген аттар “мыкты ат” сыйлыгына татыган.

Карьерасы:

2006-жыл “Шоро Суусамыр”

2007-13 жж. “Кожомкул” (Рассвет)

2013-17 жж. “Суусамыр” (Сары-Өзөн)

2017-18 жж. “Биримдик Аю” командасы

2019-23 жж. “Сары-Өзөн”

2024-ж. "Мурас".

Жетишкендиктери: (2012-жылдан бери)

3-орун Президенттин кубогу 2012-жыл (Кожомкул)

2-орун Кыргызстан чемпионаты 2012-жыл (Кожомкул)

2-орун А. Аскаров турнири 2012-жыл (Кожомкул)

3-орун Ү. Кудайбергенов кубогу 2013-жыл (Кожомкул)

2-орун Президенттин кубогу 2013-жыл (Кожомкул)

3-орун Нооруз кубогу 2014-жыл (Суусамыр)

3-орун 9-май Жеңиш кубогу 2014-жыл (Суусамыр)

3-орун Президенттин кубогу 2014-жыл (Суусамыр)

2-орун Кыргыз Республикасынын чемпиондугу (Суусамыр)

1-орун ДКО 2014-жыл (Кыргызстан)

1-орун Нооруз кубогу 2015-жыл (Сары-Өзөн)

1-орун 9-май Жеңиш кубогу 2015-жыл (Сары-Өзөн)

2-орун Президенттин кубогу 2015-жыл (Сары-Өзөн)

1-орун Нооруз кубогу 2016-жыл (Сары-Өзөн)

1-орун 9-май Жеңиш кубогу 2016-жыл (Сары-Өзөн)

1-орун ДКО 2016-жыл (Кыргызстан)

3-орун Нооруз кубогу 2017-жыл (Сокулук Аю)

2-орун 9-май Жеңиш кубогу 2017-жыл (Биримдик Аю)

2-орун Президенттин кубогу 2017-жыл (Биримдик Аю)

2-орун ЭКСПО-2017 (Кыргызстан, жер улак)

3-орун Нооруз кубогу 2018-жыл (Биримдик Аю)

2-орун 9-май Жеңиш кубогу 2018-жыл (Биримдик Аю)

1-орун Кыргызстандын чемпионаты 2018-жыл (Чүй облусу)

1-орун ДКО 2018-жыл (Кыргызстан)

3-орун 9-май Жеңиш кубогу 2019-жыл (Сары-Өзөн)

3-орун Кожомкул 140 жыл (Суусамыр)

3-орун Президенттин кубогу 2019-жыл (Сары-Өзөн)

1-орун Кичи көчмөндөр оюну 2019-жыл (Чүй облусу)

3-орун Президенттин кубогу 2020-жыл (Сары-Өзөн)

3-орун Нооруз кубогу 2021-жыл (Сары-Өзөн)

2-орун Президенттин кубогу 2021-жыл (Сары-Өзөн)

1-орун Кыргызстандын чемпионаты 2021-жыл (Чүй облусу)

2-орун Нооруз кубогу 2022-жыл (Сары-Өзөн)

1-орун 9-май Жеңиш кубогу 2022-жыл (Сары-Өзөн)

1-орун ДКО 2021-жыл (Кыргызстан)

2-орун Кыргызстандын чемпионаты 2022-жыл (Чүй облусу)

2-орун Нооруз кубогу 2023-жыл (Сары-Өзөн)

2-орун 9-май Жеңиш кубогу 2023-жыл (Сары-Өзөн)

Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер