Нурдин Болотбеков Чүй облусунун Кемин района караштуу Ильич айылынан чыккан улакчы. Бою 182 см. Позициясы жекеме-жеке жана чабуулчу.
Көк-бөрү карьерасы мектепте окуп жүргөндө Кемин районуна караштуу “Илбирс” командасында баштаган. Ошондой эле “Аффият”, “Сокулук”, “Көк-Жал” жана башка клубдарда ойногон. 2022-жылы жекеме-жекечи катары Кыргызстан курама командасына кирген.
Карьерасы:
2014-16 жж. – “Илбирс”
2016-жыл – “Аафият”
2019-жыл – “Сокулук”
2020-21– “Көк-Жал”
2022 – “Ала-Тоо”
2023–24 “Сары-Өзөн”
Жетишкендиктери:
1-орун Президенттик кубок 2019-ж (“Көк-Жал”, 1 лига)
1-орун IV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары 2022-ж (Кыргызстан)
2-орун 2023-ж Нооруз кубогу (“Сары-Өзөн”)
2-орун 2023-ж Жеңиш кубогу (“Сары-Өзөн”)
3-орун 2024-ж Нооруз кубогу (“Сары-Өзөн”)
2-орун 2024-ж Жеңиш кубогу (“Сары-Өзөн”)