Темир Молдокулов

Туулган жылы : 15-08-1984

         Туулган жылы: 1984-жыл 15-август

Туулган жери: Чуй облусу, Сокулук району, Военно-Антоновка айылы

Бою: 178 см

Оюндагы позициясы: Чабуулчу, жекеме-жеке, коргоочу

Карьерасы:

2001-жылы легендарлуу “Рассвет” командасында чабуулчу болуп баштаган жана жекеме-жекеде да ойноп жүргөн.

2005 жана 2006-жылдары “Суусамыр-Шоро” командасында чабуулчу жана жекеме-жекенин оюнчусу катары ойногон.

2006-07-жылдары “Ой-Кайың” командасында чабуулчу

2007-08-жылдары “Бостери” командасында чабуулчу катары ойногон. Бул команда менен Чолпон-Атада өткөн Эл аралык турнирде 3-орунду алышкан.

2009-жылы “Суусамыр” командасын чогулткан. Машыктыруучу, капитан болуу менен бирге жарым коргоочу катары ойногон.

2011-жылы ден-соолугуна байланыштуу(ооруп калган)  карьерасында тыныгуу болуп калган.

2012-жылы Суусамыр командасынын курамында ойногон  

2013-жылы “Сокулук” командасын курап чыгып озу машыктыруучу, капитан болуп, жарым коргоочу катары өзү да оюн жүргүзгөн.

2014-жылы ушул эле команданын аты “ГУВД” деп озгоргон. 2015-жылы болсо “МВД” деген аталыш менен чыгышкан. 

2016-жылы 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында атактуу Ахилести минип жекеме-жекеде ойногон.

2017-жылы “Биримдик-Аю” командасын негиздеген. Озу капитандык милдетти аткарып, коргоочу катары ойногон.

2018-19-жылдары “Сары-Өзөн-Рассвет” командасынын негиздөөчүлөрүнүн бири болуп, өзү жекеме-жекеде оюн корсоткон.

2020-жылы “Сокулук” командасын кайрадан чогултуп 1-лигада ойношкон. Озу ортону караган жекеме-жекеде.

2021-жылдан бери Көк бөру федерациясынын калысы.

2022-жылы Достук командасында коргоочу позициясында ойноду.

2023-24-жылдар  Достук командасынын машыктыруучусу.

2024-жыл Сары-Өзөн 40+

Жетишкен сыйлыктары: (2012-жылдан бери)

2-орун Президенттин кубогу 2012-жыл (Суусамыр)

3-орун Нооруз 2015-жыл (МВД)

1-орун ДКО 2016-жыл (Кыргызстан)

3-орун Нооруз кубогу 2017-жыл (Биримдик Аю)

2-орун 9-май Жеңиш кубогу 2017-жыл (Биримдик Аю)

2-орун Президенттин кубогу 2017-жыл (Биримдик Аю)

1-орун 9-май Жеңиш кубогу 2018-жыл (Рассвет, 1 лига)

2-орун Бишкек шаарынын 140 жылдыгы 2018-жыл (Сары-Өзөн Рассвет)

3-орун Нооруз кубогу 2022-жыл (Достук)

3-орун 9-май Жеңиш кубогу 2022-жыл (Достук)

1-орун Жеңиш кубогу (Достук, машыктыруучу)

2-орун Президенттин кубогу 2024-жыл (Достук, машыктыруучу)

3-орун - Райондор аралык чемпионат 2024 (Сокулук району)

2-орун Нооруз кубогу 2024-жыл (Достук, машыктыруучу)

1-орун Нооруз кубогу 2024-жыл (Сары-Өзөн 40+)

3-орун 9-май Жеңиш кубогу 2024-жыл (Достук, машыктыруучу)

3-орун 9-май Жеңиш кубогу 2024-жыл (Сары-Өзөн 40+)

 

 

Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер