Жакшылык Руслан уулу

Туулган жылы : 21-01-1997

  Жакшылык Руслан уулу

Туулган жылы: 1997-жыл 21-январь

Туулган жери: Талас облусу, Айтматов району, Чоң-Кара-Буура айылы

Бою: 187 см

Оюндагы позициясы: Жекеме-жеке, чабуулчу

Карьерасы:

2017-жыл Кең-Талас, Мурас (Бакубат Талас)

2018-жыл Арашан 

2019-жыл Ынтымак

2020-жылдан бери Кара-Буура (Ийгилик) командасында ойнойт 

Жетишкендиктери: 

2017-жыл − КР Презденттин кубогу 2-орун

2019-жыл − Нооруз турнери 1-орун

2019-жыл− 9-май турнери 2-орун

2019-жыл − КР Презденттин кубогу 2-орун

2021 -жыл − Нооруз турнери 1-орун

2022-жыл − Нооруз 2-орун

2023-жыл − Нооруз 3-орун

2023-жыл − 9-май турнери 1-орун

2019-жылы Кара-Буура айыл өкмөтүнүн грамотасы менен сыйланган (Мыкты оюн көрсөткөндүгү үчүн)

2023-жылы Жеңиш күнүнө арналган 9-май республикалык турниринде Ийгилик командасы менен жеңүүчү болгондугу үчүн Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынын Мактоо баракчасы менен сыйланган.

2020-жылы Кара-Буура райондук турниринде Кара-Буура айылынын мыкты көк бөрүчүсү аталып Бакыян айыл өкмөтү тарабынан Ардак грамота менен сыйланган

2017-жылы 8-ноябрда 1985-84-жылкы балдар тарабынан уюштурулган көк бөрү боюнча биринчиликте Эң мыкты оюнчу аталып диплом менен сыйланган.

2021-жылы Нооруз турниринде өз командасы менен бирге Кара-Буура районунун намысын татыктуу коргогондугу үчүн Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы менен сыйланган

Минген аты: 2017-жыл – Шумкар, 2018-жыл - Кыяк, Ынтымакта - Айтору (Нооруз турниринде), Береке (9-майда,31-августта)

Кара-Буурада -  Таяныч, 2023-жылы – Евро

 

 

Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер