Өмүрбек Эсен уулу

Туулган жылы : 29-05-2001

Туулган жери – Талас облусу, Манас району, Май айылы

Бою – 180 сантиметр

Оюндагы позициясы – чабуулчу, жекеме-жекечи

Карьерасы:

Өмүрбек Эсен уулу 16-17 жашынан баштап айыл ичиндеги улактарда ойноп баштаган. Ал улак ойноп баштаганда ата-энеси жакындары анын улак ойношуна каршы болушкан. Өмүрбек жакындарынын каршычылыгына карабай үйдөн качып болсо дагы көк бөрү өтүп жаткан оюн талаасына барчу. Өмүрбек 17 жашынан тартып Лигада ойноп баштайт. 2019-жылы Президенттиин кубогуна арналган турнирде  Биринчи Лигадагы “Алкан-Ата” командасынын курамында ойногон. 2020-жылдан бери Жогорку Лигадагы “Ынтымак” командасынын курамында ойноп келет. 2022-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата түзүлгөн жер улак боюнча кыргыз улуттук курама командасына кирген.   

Жетишкендиктери:

2022-жылы – Көк бөрү федерациясынын тандоосу боюнча жылдын мыкты жаш оюнчусу

2023-жыл – Дүйнө чемпиондугунун мыкты оюнчусу

2023-жыл – Нооруз турниринин мыкты оюнчусу

2024-жыл – Жеңиш кубогунун мыкты оюнчусу 

2019-жыл − Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогу 3-орун (Алкан-Ата, Биринчи лига)

2020-жыл − Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогу 1-орун (Ынтымак)

2021-жыл – Нооруз турнири 1-орун (Ынтымак)

2021-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогу 1-орун (Ынтымак)

2021-жыл – Өлкө чемпиондугу 3-орун (Талас облусу)

2022-жыл – 9-Май турнири 2-орун (Ынтымак)

2022-жыл – Нооруз турнири 1-орун (Ынтымак)

2022-жыл – Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары 2-орун (Кыргыз курама 2)

2022-жыл – Өлкө чемпиондугу 1-орун (Талас облусу)

2023-жыл – Нооруз турнири 1-орун (Ынтымак)

2023-жыл – 9-Май турнири 3-орун (Ынтымак)

2023-жыл − Дүйнө чемпиондугу 1-орун (Ынтымак)

2023-жыл − Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогу 1-орун (Ынтымак)

2024-жыл - Жекеме-жеке боюнча IV КР чемпионаты 2-орун

2024-жыл – Нооруз турнири 1-орун (Ынтымак)

2024-жыл – Жеңиш кубогу 1-орун (Ынтымак)

 

 

 

 

Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер