31-август Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына карата көкбөрү боюнча КР Президентинин кубогуна 14 команда катышмай болду. Учурда командаларды каттоо токтотулду. Спорттун улуттук түрлөрү боюнча мамлекеттик дирекция оюндарды өткөрүүгө жалпысынан 4 күн гана бөлүп берип жаткандыктан, көкбөрү федерациясы командалардын оюндары олимпиадалык система менен өтөөрүн кабарлайт. Тагыраагы жеңилген команда турнир менен кош айтышат.
Натыйжада Президенттик кубокко төмөндөгү командалар катышмакчы:
1) Ак-Суу
2) Алтын-Альянс
3) Ак-Илбирс
4) Ысык-Ата
5) Казарман
6) Ала-Арча
7) Талас шаары
8) Бапа Барскоон
9) Бийиктик
10) Ичке-Суу
11) Асанбек-Ата
12) Кара-Ой
13) Шахтёр
14) Чуй-Токмок
Көкбөрү федерациясы командалардын курамын кабыл алуу үчүн kokboru.net сайтындагы катышуучу командалардын жеке кабинеттери 20-августтан баштап ачык болоорун кабарлайт.
27-августта Чолпон-Ата шаарында катышуучу командалар арасында чүчү кулак кармоо иш чарасы өтөт. Ал эми 28-августтан баштап, Чолпон-Ата ат майданында оюндар расмий башталмакчы.
Белгилей кетсек, быйылкы кубок 5-ДКО оюндарына даярдык учуруна тушташ болуп калгандыктан, көкбөрү федерациясы Президенттик кубок бир лиганын алкагында гана өтөөрүн, ошол эле учурда турнирге катышуудан баш тарткан командаларга эч кандай санкция каралбастыгын маалымдаган.