Loading...

Кыргызстандын улуттук курама командасынын тизмеси

V Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына катышуу үчүн Кыргызстандын көкбөрү жана жер улак командаларына кирген спортчулардын тизмеги маалым болду. Көкбөрү федерациясы жалпысынан улуттук курама командага 18 оюнчу киргенин жарыялайт. Бул чечим Астана шаарындагы Көчмөндөр Оюндарында бир оюнчу көкбөрүгө да, жер улакка да чыгууга укугу бар экендиги маалым болгондон кийин кабыл алынды. 

Натыйжада окуу-машыгуу учурунда өзүн мыкты деңгээлде көрсөткөн алты оюнчуга эки спорттун түрүнө тең катышууга мүмкүнчүлүк берилмекчи. Ушундан улам Көкбөрү федерациясы көкбөрү жана жер улак боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасына төмөндөгү оюнчулар киргенин маалымдайт:

1)      Жолдошбек Орозбаев

2)      Манас Ниязов

3)      Дастан Сагынбек уулу

4)      Эрлан Төлөбеков

5)      Дастан Русланов

6)      Рустам Тыналиев

7)      Фархат Бейшекеев

8)      Ильяз Исаков

9)      Кубаныч Султан уулу

10)   Кушчубай Илис уулу

11)   Исхак Бекболот уулу

12)   Нооруз Раатбек уулу

13)   Өмүрбек Эсен уулу

14)   Нуржан Мелисбек уулу

15)   Нурдин Болотбеков

16)   Эмирлан Жеңишбеков

17)   Майрамбек Рыспеков

18)   Баяман Муралим уулу

Белгилей кетсек, улуттук курама командага тандалып алынган оюнчулар учурда Ысык-Көл облусунда окуу-машыгуу этабын баштады. Команда сентябрь айынын башында улуттук курамага тандалып алынган аттар, саяпкер, машыктыруучу жана жетекчилердин коштоосунда Астана шаарына барышат.

V Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары 8-13-сентябрь күндөрү Казакстан Республикасынын борбору Астана шаарында өтөт. 

2024-07-05 12:19:00
Комментарийлер (26)
Атай алмазов
02:13 08-07-2024
асалмалкум
Бахтияр
07:39 07-07-2024
Сейитбек Жокко курамада
aidar.katagan
06:29 07-07-2024
Дастан Русланов Жумгалдан салам
Жыргалбек
05:24 07-07-2024
Фархат менен Ильястын ордуна башка татыктуулар бар болчу.
lachin
01:33 07-07-2024
манас манас талас
Чынгыз
10:42 06-07-2024
сонун
Алчынбек
09:15 06-07-2024
Эмнеге Халк кирбей калды бул тизмедеги кобунон кучтуу бала
тимур
01:23 06-07-2024
жыйынтык кутобуз
Бакыт Аманкулов
09:35 06-07-2024
Ильяздын ордуна марлисти алса жакшы болмок
Бакыт Аманкулов
09:35 06-07-2024
Ильяздын ордуна марлисти алса жакшы болмок
Кубатбек
12:48 06-07-2024
Даны 4 оюнчу алабы же ушулар менен буттубу
Азат Темиров
09:43 05-07-2024
Ийгилик
Турусбек уулу Нурдөөлөт
07:39 05-07-2024
Эмнеси болсо да эки оюнда тең биринчи орунду камсыз кылып аман эсен жеңип келишсин, бүткөн ишке сынчы көп болбогула.
Автандил
07:05 05-07-2024
курам жакшы, бирокБаяман мн Иляьз Исаков жөн эле суу ташыганы баратат. анан состав дагы балдардын ойногон командасын жазып койсоздор. М: Өмүрбек Эсен улуу (Ынтымак
Автандил
07:05 05-07-2024
курам жакшы, бирокБаяман мн Иляьз Исаков жөн эле суу ташыганы баратат. анан состав дагы балдардын ойногон командасын жазып койсоздор. М: Өмүрбек Эсен улуу (Ынтымак
Сонунбеков Умарбеа
02:59 05-07-2024
Марлис Нурбек Юсуповтор кайда?
Азамат > Сонунбеков Умарбеа
03:24 05-07-2024
Пенсияда
Азамат
02:35 05-07-2024
ИЙГИЛИК ЖИГИТТЕР, АТ ЖАЛЫ ЖЕНИЛ БОЛСУН. 2 АЛТЫН МЕНЕН КУТОБУЗ!!!
салморбеков самат
01:33 05-07-2024
Аскат Аскаровду дагы кошуш керек эле
Азамат > салморбеков самат
02:38 05-07-2024
Башында кошулган. Аты олуп калды анын. Башка ат издегенге убакыт жок азыр. Ошон учун чакырылган жок.
салморбеков самат
01:31 05-07-2024
Халкты алышпады беле, аны эми кайра эмнеге алып салышты?
Азамат > салморбеков самат
02:38 05-07-2024
Аты жарабайт экен, ошон учун алган жок
Сапаев Бекболсун
01:16 05-07-2024
Элдияр Женишбеков кайакта ал жоко курамда
Азамат > Сапаев Бекболсун
02:35 05-07-2024
Эрте али, сборныйда МЕН МЕН деген балдар чакырылды.
Абдыбеков Жангазы
01:08 05-07-2024
Ийгилик🔥
майрамбек
01:00 05-07-2024
кыяз байке жокко курамда

Биздин партнерлер