Көчмөндөр оюндарынын уюштуруу секретариатынын талабына ылайык, Кыргызстандын көкбөрү жана жер улак (көкпар) боюнча курама командасына дагы алты оюнчу кошулду. Буга чейин 5-ДКО уюштуруучулары бир оюнчу көкбөрүгө ошол эле учурда жер улакка ойноого укугу бардыгын расмий айтышкан. Ушундан улам Кыргызстан жалпысынан эки спорттун түрүнө 18 оюнчуну Кыргызстандын атынан дайындап жаткан.
Мындан бир нече күн мурун Казакстан тарап Кыргызстан үчүн жогорудагыдай жобону жокко чыгарып, бир оюнчу эки спорттун түрүнө катышууга болбостугун билдиришти. Ушундан улам Кыргызстан көкбөрү менен жер улакка өз-өзүнчө спортчуларды алып бармай болду.
Натыйжада Кыргызстандын улуттук курама командасына жогорудагы оюнчулар кошулду:
Сейитбек Анарбек уулу
Эрсултан Айдаркан уулу
Кыяз Ниязов
Арген Абдуллаев
Тойчубек Коргонбаев
Байыш Акылбеков
Ал эми кайсы оюнчулар кайсы спорттун түрүнө катышаары жакынкы машыгуулардан кийин анык болмокчу. Азырынча жалпы 24 оюнчунун ысымдары төмөндөгүдөй:
2) Манас Ниязов
8) Ильяз Исаков
Белгилей кетсек, учурда Кыргызстандын көкбөрү жана жер улак боюнча улуттук курама командалары окуу-машыгуу жыйынынын үчүнчү этабын баштады.
Биринчи этап – 10-майдан башталып, курама командага кирген аттарды таптоо башталган.
Экинчи этап – 4-июль күнү башталып, курама команданын балдары физикалык даярдыкты чыңдоого киришип, 24-июльга чейин Чолпон-Ата шаарында болду.
Үчүнчү этап – 31-июль күнү башталып, 2-сентябрга чейин уланат. Бул аралыкта курама команданын балдары физикалык даярдыктан тышкары, аттар менен бирге машыгууларды өткөрүүсү пландалган. Команда сентябрь айында аттар, саяпкер, машыктыруучу жана жетекчилердин коштоосунда Астана шаарына жөнөп кетишет.
V Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары 8-13-сентябрь күндөрү Казакстан Республикасынын борбору Астана шаарында өтөт.